1- Июнь 1926 -жылы
америкалык актриса, ырчы Мэрилин Монро төрөлгөн
Америкалык актриса, ырчы, XX кылымдын эң популярдуу актрисаларынын бири, секс-символ Мэрилин Монро АКШнын Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. Өз аты-жөнү - Норма Жин Бейкен.
1944-жылы болочок актрисанын фотомоделдик карьерасы башталган. 1950-жыл Мэрилин үчүн жемиштүү жылдардан болуп, 5 кинотасмада роль жараткан. Ал тургай мурда “сени биздин киностудиядан көргүбүз келбейт” деп кууп жиберген “20-кылым – Фокс” кайрадан роль сунуштаган. 1953-жылы Мэрилин Монро айтылуу “Жигиттерге сары чачтуулар жагат”, “Кыздардын эң жакын курбулары – бриллианттар” деген тасмаларда башкы ролдорду ойногон.
Мэрилин Монро 1962-жылы 5-августта Калифорния штатынын Брентвуд шаарында өз үйүндө 36 жаш курагында көп өлчөмдөгү уйкунун дарысын ичип алып каза тапкан.