18- Ноябрь 1870 -жылы
Франциянын Тур жана Париж шаарларын байланыштырган көгүчкөндөрдүн расмий кат ташуу каттамы ачылган
Европа мамлекеттериин ичинен биринчи болуп Францияда 1870-жылы 18-ноябрда немистер Парижди курчоого алган учурда көгүчкөндөрдүн расмий кат ташуу каттамы ачылган. Почта Франциянын Тур жана Париж шаарларын байланыштырган. Парижге жеткирилүүчү почта Тур шаарында дайындалган. Маалыматтар көлөмү кичирейтилип сүрөткө тартылып, пленкалары көгүчкөнгө байланган. Канаттуу 15-20 пленканы көтөрө алган. Ал эми Париж шаарында кабыл алынган маалыматтарды чечмелей турган көгүчкөн почтамты ачылган. Немистер тарабынан курчоого алынган Париждеги почта мамлекеттик эле эмес, жеке каттарды дагы жеткирип турган. Көгүчкөндөр немистер тарабынан асманга атылган октордон улам Парижге жеткенче жарадар болуп, кээ бирлеринин көздөрү көрбөй калчы. Жалпысынан Турдан Парижге көгүчкөн аркылуу миллиондон ашуун кат жеткирилген. Көгүчкөндөр узун аралыкты басып өтүп, көп жылдан кийин деле кайра өз уясына кайтып келүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. Кат жолдоонун мындай ыкмасын биринчилерден болуп колдонгон элдер - гректер, египеттиктер жана римдиктер болгон.