18- Ноябрь 2003 -жылы
АКШнын Массачусетс штатынын Жогорку Соту АКШда биринчи болуп гейлердин ортосундагы никеге уруксат берген
АКШнын Массачусетс штатынын Жогорку Соту штаттын Баш мыйзамы бир жыныстагылардын никесине тыюу салбай турганын аныктап, АКШда бир жыныстуу жуптарга нике укугун берген эң биринчи штат болгон. Штаттын сенаторлору соттун чечимин так эмес деп, тактоону сунушташкан. 2004-жылы 4-февралда бул сунушту караган Жогорку Сот "гомосексуалисттердин да никеге турууга укугу бар" деген чечим чыгарган. Ошентип, 2004-жылдын 17-майынан баштап бир жыныстуу жуптар дагы никеге тура алышат. Башка штаттын тургандары Массачусетсте 2008-жылдын 31-июлунан баштап бир жыныстуу никеге туруу укугун алышкан.