18- Ноябрь 1828 -жылы
англиялык генетик Жон Даун туулган
Даун синдромун ачкан генетик Жон Даун Англиядагы Корнуэлл шаарынын Торпойнт кыштагында төрөлгөн. 18 жашка чейин атасынын дарыканасында иштеген. Андан соң Лондондо Редвуддун жана Майкл Фарадейдин ассистенти болуп иштеп, фармацевттин окуусун окуган. 25 жашында Медициналык институтка тапшырып, аны алтын медаль менен аяктаган. 1858-жылы Эрсвудда эсинен ажырагандардын приютуна дарыгер болуп дайындалат. Жон Даун акыл жагынан артта калгандарга сабак өтсө жылыш болоруна ишенген. Мындай бейтаптар үчүн 1868-жылы Теддингтондо "Нормансфилд" аталышында борбор ачкан.
Жон Даун акыл жагынан артта калгандардын баш сөөгүнүн формасынын түзүлүшүн изилдеп, анын негизинде бейтаптарды 5 топко бөлгөн.