Коомдук пикир сурамжылоосун жүргүзүү ыкмасын иштеп чыккан америкалык статистик Жорж Гэллап 1901-жылы 18-ноябрда Америка Кошмо Штаттарынын Айова штатынын Жефферсон шаарында төрөлгөн. Аны коомдук социологиянын классиги деп атап коюшат. 1923-жылы бакалавр, 1928-жылы магистр даражасын алып, 1928-жылы психология илиминин доктору аталган.