18- Ноябрь 2000 -жылы
советтик аскердик ишмер Илья Старинов каза болгон
“Орус атайын кызматынын атасы” атыккан советтик аскер кызматкери, партизан-диверсант Илья Старинов каза болгон.
Илья Старинов Войново айылында 1900-жылы 2-августта төрөлгөн. 1918-жылы 18-июнда Жумушчу-дыйкандар Кызыл армиясына чакырык алып, бир ай окуган соң, Түштүк фронтто Корниловдун аскерлерине каршы согушкан. Согушта колго түшүп, качып кеткен. Кайрадан сапёрлор ротасы менен Крымда согушкан. 1921-жылы Аскердик-темир жол техниктер мектебинде окуп, аны 1922-жылы аяктап, Киевдеги жардыра турган полктун башчысы болуп дайындалган. 1925-1928-жылдары жардыргыч кызматкерлерди даярдаган.
1930-жылы Украинада партизан-диверсанттарды окуткан. 1932-жылы Чалгындоо пунктунун башчысы болгон. 1933-жылы Москвага Башкы чалгындоо башкармалыгына которулган. 1933-жылы Аскер-транспорттук академиясына окууга жиберилип, 1935-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Ленинград-Москва станциясынын аскер комендантынын орун басары болуп, чоң мансаптагы кишилер менен бирге жүргөн.