"Элдер храмы" - жаңы диний агым же диний тоталитардык секта. Бул секта Жеймс Уорен жана Жим Жонсон аттуу адамдар тарабынан 1955-жылы Индианаполисте түзүлгөн. Башында бул диний агымга материалдык жактан кыйналгандар, кары адамдар, сойкулар, үйсүздөр, баңгизатын колдонгондор киришкен. Убакыт өткөн сайын бул диний агымга киргендердин саны көбөйүп, алардын туугандары "адамдарды зомбиге айлантып жатышат" деген доомат менен сотко кайрылышкан. Ошондон улам Жим Жонсон АКШдан чыгып кеткен.
1974-жылы Жонсон Гайанадан жер алып, Жонстаун аталышында өзүнүн диний агымынын өкүлдөрүнө турак жай ачат. 1977-жылы Жим 900 адам менен Жонстаунга көчүп келет. Тургундар күнүнө 11 сааттан иштеп, бала бакча, ясли, клуб курушат.
1978-жылы 17-ноябрда АКШнын конгрессмени Лео Райан диний агымды кабыл алгандардын бир туугандары менен биргеликте Жонстаунга келет. Алар менен кошо 16 адам кетүүнү каалайт. Аэропорттон уча турган болушканда, белгисиз адамдар тарабынан аларга ок чыгарылып, 5 адам каза болот, алардын ичинде Лео Райан дагы болгон.
Бул кырсыкты уккан Жим Жонсон чогулуш өткөрүп, алардын жашоосу мындан ары мурдагыдай болбойт экенин, өлүмдөн башка жол жок экенин айтат. Анын буйругу менен шарап ууландырылып, кичинекей балдардан баштап ичишип, сектанын мүчөлөрү массалык түрдө өз жанына кол салышкан. Гайанада баш-аягы 911 киши каза болгон.