20- Ноябрь 2009 -жылы Жогорку Кеңеш 70 жылдыгын белгилеген
Улуттук филармонияда өткөн кыргыз парламентинин 70 жылдык мааракесинде мурунку президент Курманбек Бакиев маараке менен парламентарийлерди куттуктап, жарлыгы менен бир катар ар кандай чакырылыштагы депутаттарга мамлекеттик жогорку сыйлыктарды тапшырган. Өлкө башчысынын жарлыгына ылайык Жогорку Кеңеш депутаты, дарыгер Эрнст Акрамов "Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры" деген наам жана "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен сыйланган. Ошондой эле, Медеткан Шеримкулов, Мар Байжиев, Чолпон Баекова II даражадагы "Манас" ордени, Женишбек Бекболотов, Жусуп Иманалиев, Лейла Сыдыкова, Азизбек Турсунбаев "Даңк" медалы, депутат Гулнара Дербишева "Эне Даңк" медалы менен сыйланган. Депутат Рашид Тагаев "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи", Искандербек Гаипкулов, Кубанычбек Исабеков, Аскарбек Шадиев "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти" наамын алышкан. Депутаттар Бүмайрам Мамасейитова менен Аскар Салымбеков "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматкери", Раиса Сидоренко "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген айыл чарба кызматкери", Осмонбек Артыкбаев менен Нарынбек Молдобаев "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу", Улугбек Ормонов "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген өнөр жай кызматкери" ардактуу наамдарына ээ болушкан. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары депутаттар Арзыбек Буркановго, Зиядин Жамалдиновго, Алтынбек Сулаймановго берилген. Депутат Хаджимурат Коркмазовго милициянын генерал-майору атайын наамына арзыган. Ал эми Кыргыз ССРинин бир нече чакырылыштарына депутат болгон Керимкул Карабаевге ВАЗ-22-74 автомашинасы тапшырылып, ошону менен бирге ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен да сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан