20- Ноябрь 1889 -жылы Америкалык астроном Эдвин Хаббл төрөлгөн
"Аалам" деген түшүнүктү негиздүү өзгөртүп, биз жашаган Саманчы жолунан башка да галактикалар бар экенин далилдеген америкалык астроном Эдвин Хаббл Миссури штатында, Маршфилд шаарында төрөлгөн. 
1922-жылы башка жакын жайгашкан галактикалардагы жылдыздарды көрүп, алар дагы биздин Галактикадай жылдыздар системинен турарын далилдеген. 1935-жылы №1373 астероидин ачып, аны "Цинциннати" деп атаган.
Анын урматына 1990-жылы орбитага чыгарылган космостук телескопко жана 1955-жылы ачылган №2069 астероидине ысымы ыйгарылган.  
Ал церебралдык тромбофлебиттен 1953-жылы 28-сентябрда Калифорния штатында Сан Маринодо каза болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан