20- Ноябрь 2009 -жылы Орусиялык шоумен, алып баруучу, жазуучу Роман Трахтенберг радиоэфирден кийин жүрөгү токтоп каза болгон
Орусиялык шоумен, алып баруучу, жазуучу Роман Трахтенберг радиоэфирден кийин жүрөгү токтоп каза болгон.
Роман Трахтенберг 1968-жылы 28-сентябрда Ленинградда төрөлгөн. Кичинекей кезинде балдар хорунда ырдаган. Мектепти бүтүргөн соң филология факультетине тапшырып, 2-курста армияга кеткен. 
Армиядан келип Ленинграддын маданият институтуна тапшырган. 1993-жылы "Арт-Клиника" кабаресинин артисти жана "Формальный театрдын" башчысы болгон. 1997-жылы петербургдук "Хали-Гали" кабаресинин арт-директору, 2000-2004-жылдары "Европа плюс" радиосунда "Роман без конца" автордук программасынын алпаруучусу, 2003-2006-жылдары "Деньги не пахнут", "Муз-ТВ" каналындагы "Следующий" автордук программаларынын телеалпаруучусу.  2005-жылдан баштап "Русское радиодо" алпаруучу болуп иштеген. 2003-2008-жылдары Трахтенберг "Трахтенберг-кафе" аттуу кафесинде өзүнүн шоу-программаларын тартуулачу.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан