Исландиялык ырчы, музыкант жана композитор Бьорк Исландиянын борбору Рейкьявик шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү - Бьорк Гвюдмюндсдоуттир.
Бьорк 12 жашында алгачкы ыр жыйнагын чыгарып, анда ырчы балдар ырларын жана "The Beatles" тобунун чыгармаларынын кавер версияларын эне тилинде аткарган. 14 жашында "Spit and Snot" аталышындагы алгачкы панк-тобун ачкан. Андан кийин "Exodus", "Jam-80", "Tappi Tíkarrass" долбоорлорун уюштурган.
1986-жылы күйөөсү Тор Элдон менен биргеликте "The Sugarcubes" тобун ачкан. Бул топ Улуу Британияда жана АКШда популярдуулукка жетишип, бирок 1992-жылы тарап кеткен. Андан кийин Бьорк ырчылык карьерасын жалгыз уланткан. Ошол мезгилде анын "Human Behaviour", "Bedtime Story" аттуу ырлары хитке айланган. Мындан тышкары, ырчы "Oceania" ырын Афиныдагы Олимпиада оюндарында ырдаган. Ошондой эле 2000-жылы режиссёр Ларс фон Триердин "Караңгыдагы бийчи" тасмасынын саундтрегин - "Selmasongs" аттуу ырын жаздырып, өзү дагы аталган фильмде роль жараткан.
Бүгүнкү күндө Бьорк жаңы ырларды жаратып, клип тартып, фестивалдарга катышып турат. Ал аткарган ырлар альтернативдүү рок, электроника, инди-поп, трип-хоп, modern classic жана IDM сыяктуу ар түрдүү жанрга жана стилге тиешелүү. 2010-жылы Бьорк "Polar Music Prize" сыйлыгына арзыган. Бул сыйлыкты көпчүлүк адамдар "музыка жаатындагы Нобелдик сыйлык" деп атап коюшат.