21- Ноябрь 1916 -жылы Австриянын императору Франц Иосиф I каза болгон
Австриянын императору, Венгриянын падышасы, биринчи дүйнөлүк согушту баштаган 86 жашында каза болгон.
Франц Иосиф I 1830-жылы 18-августта Шёнбруннда төрөлгөн. Венгрялык көтөрүлүштү орусиялык аскерлердин жардамы менен басып, бийликке келген. Крым согушунда Австрия Орусияга көмөк көрсөтпөй өзүнүн союздашын жоготот. Бул учур менен Сардин падышачылыгы пайдаланып, Франция жана Пруссиянын жардамы менен 1860-жылы Ломбардияны тартып алат. Габсбург үйүнүн төрагалары Модена жана Тоскана шаарларынын өкмөтүнөн кетүүгө аргасыз болушат.
1866-жылы Австрия германиялык дүйнөдөгү бийлик үчүн Пруссияга каршы согуш жарыялайт. Содоваядагы кагылышуудан кийин Пруссия жеңишке жетишет. Австрия Венециядан айрылат. 1853-жылы Иосиф венгриялык элитага австриялык немистердикиндей укук берет.
1871-жылы Австро-Венгрия Германия империясы менен альянска кирип, Балкан аралдарында өзүнүн таасирин күчөтөт. 1908-жылы Иосиф Босния-Герцоговинаны аннексия кылып, Орусия менен келишпестик жаралып, Сербия менен ачык тирешип, биринчи дүйнөлүк согушту баштаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан