Атактуу америкалык мушкер Майк Тайсон 20 жаш курагында WBCнин эң оор салмактагы титулун утуп алып, бокстун тарыхында дүйнөнүн эң жаш чемпиону аталган. Бул мушташта М.Тайсон дүйнөнүн чемпиону Тревор Бербик менен рингге чыккан. Тайсондун 27 жаштагы машыктыруучусу Кевин Руни бул мушташтан сон окуучусун чемпиондукка жеткирген эң жаш тренер аталган.