22- Ноябрь 1808 -жылы англиялык ишкер Томас Кук төрөлгөн
Томас Кук - дүйнөдө биринчи болуп 1841-жылы Туристтик агенттикти негиздеген англиялык ишкер. Улуу саякатчы Томас Кук 1808-жылы 22-ноябрда кедей үй-бүлөдө төрөлгөн. 17 жаш курагында Баптисттер чиркөөсүнүн толук мүчөсү болуп кабыл алынган. 
Томас Кук азыркы учурда жеке компанияларды гана эмес, бүтүндөй өлкөлөрдү байытып жаткан эң пайдалуу бизнес түрү - туризмди ойлоп тапкан. Ал көптөгөн Европа өлкөлөрүнө баруучу маршруттарды да ачкан. Анын агенттигинин алгачкы америкалык кардарларынын бири белгилүү америкалык жазуучу Марк Твен болгону да маалым.
1871-жылы ишкер уулу Жон Мейсон Кук менен бирге "Thomas Cook & Son" компаниясын негиздеген. Томас Кук жана уулу дүйнөдө биринчи болуп жумуш боюнча эмес, эс алуу үчүн гана бүтүндөй жер жүзүн кыдырып чыгуу саякатын уюштурган. Бул саякат "Квакер Сити" кемесинде 222 күнгө созулган.
1878-жылы Индиянын графы Дафферин Томас Кукка Индиядагы мусулмандар үчүн касиеттүү Меккеге бара турган маршрутту иштеп чыгуу тапшырмасын берип, бул ийгиликтүү ишке ашырылган. 50 жылдан кийин "Thomas Cook Group" фирмасынын 84 бөлүмү, 85 агенттиги пайда болгон жана алардын кызматы менен 3 миллиондон ашык адам пайдаланган. 
Ишкер 1892-жылы 18-июлда көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан