22- Ноябрь 1884 -жылы Немис физиги Карл фон Верордт каза болгон
Кан басым менен жүрөктүн согушун өлчөөчү аппараттарды ойлоп табуучусу, немис физиги, физика жана медицина профессору Карл фон Верордт каза болгон.
Карл фон Верордт 1-июлда 1818-жылы төрөлгөн. Ал 1854-жылы адамдын тамырын кагышын ийнесиз жана башка хирургиялык аспаптарсыз изилдөөчү, кан басымын өлчөөчү сфигмограф аппаратын ойлоп тапкан.
Кан жүгүртүүнүн ар кандай параметрлеринин өлчөөчү методдорун жана инструментарийин иштеп чыккан. Алар: кандын клеткаларын эсептөө методу, гемотахометр – кандын жүгүрүүсүнүн ылдамдыгын өлчөөчү прибор. Гемоглобин суюктугунун, өттүн жана сааранын спектрографикалык изилдөөсүн жүргүзүп, ошондой эле дем алууну дагы изилдеген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан