23- Ноябрь 1992 -жылы америкалык ырчы Майли Сайрус төрөлгөн

Америкалык актриса, сахнада Ханна Монтана деген лакап аты менен таанымал ырчы Майли Сайрус төрөлгөн. Ал АКШнын Теннесси штатындагы Нашвилл шаарында Билли Рэй жана Тиш Сайрустун үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Анын атасы Билли АКШда кантри стилиндеги ырчы катары таанымал. Алгач ырчыга ата-энеси Дестини деген ат коюшкан. Бирок аны кичинесинен эле Майли деп эркелетишчү, себеби бул аттын котормосу «шайыр» дегенди түшүндүрүп, кичинесинде ырчынын кыял-жоругун сүрөттөп турган. Майли Сайрустун балалыгы Франклин шаарындагы фермалардын биринде өткөн.

Майли 2001-жылы үй-бүлөсү менен Торонто шаарына көчүп келген. Анда анын атасы «Доктур» аттуу сериалга тартылып жүргөн кези эле. Атасынын таасири менен Майли алгач «Чоң балык» аттуу тасмага тартылат. Кийин «Ханна Монтана» аттуу сериалда жараткан негизги каарман Ханна аттуу ырчынын образы 14 жаштагы Майлини дүйнөлүк жылдызга айланткан. Ошондон тарта анын музыкага болгон кызыгуусу артып, ырчылык карьерасын баштайт.

Ырчы денесине 18 даана сүрөт тарттырган. 2006-жылы "Дайым алдыда" аттуу өзүнүн автобиографиялык китебин чыгарган. Ал эми 2013-жылы АКШдагы Maxim журналынын сурамжылоосу боюнча "Планетадагы эң сексуалдуу айым" деп табылган. Американын MTV телеканалынын версиясы боюнча "Эң популярдуу поп ырчы - 2013" аталган. Ошондой эле 2008-жылы официалдуу түрдө Дестини атын Майли кылып өзгөрткөн. Ошол эле жылы апрель айында "Forbes" журналы боюнча 8 жаштан 16 жашка чейинки жаш балдардын арасынан эң байлардын катарына кирген.

2014-жылы актёр Арнольд Шварценеггердин уулу Патрик Шварценеггер менен Майли Сайрус сүйүү мамиледе экендиги аныкталып, эки жаш бир жылга жетпей бири-биринен алыстап кетишкен. Майли Сайрус популярдуулукка жеткен соң чуулгандуу жүрүм-туруму менен коомчулукту тан калдыра баштаган. Айта кетсек, 2015-жылы массалык маалымат каражаттары аны америкалык модель айым Стелла Максвелл менен сүйүү мамиледе деп жазып чыгышкан. Бул маалыматты Майли Сайрус четке какпай, бисексуал экендигин билдирген.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан