2- Июнь 1972 -жылы Америкалык актёр Уэнтуорт Эрл Миллер төрөлгөн
“Абактан качуу” сериалынын жылдызы, америкалык актёр Уэнтуорт Эрл Миллер Англиянын Чиппинг-Нортон шаарында төрөлгөн. Колледжде окуп жүргөн кезинде музыкага жакын адам болгон жана ырчылардын кээ бирлери менен гастролго чыгып, акча таап турган. Кийинчерээк жүрөгү тандаган актёрдук кесиптин ээси болууну көздөп, Лос-Анжелеске бет алат жана ал жакта жөн гана операторлордун жардамчысы катары ишке орношкон. Актёрдук карьерасын 2002-жылы “Динотопия” деген сериалдан баштаган. Эл оозуна алынып, дарегине жагымдуу сөздөр айтыла баштагандан кийин эле “Караланган кадыр-барк” фильмине тартылууга чакыруу алат. Ал эми “Абактан качуу” сериалына тартылуу атак-даңк алып келет деп күтпөгөнү менен Уэнтуорт дал ушул кино аркылуу чыныгы популярдуулукка жеткен. “Абактан качуу” сериалына тартылуудагы өзүнө жакпаганы денесине тарттырган татуировкалары болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан