24- Ноябрь 1983 -жылы Орусиялык актриса жана ырчы Светлана Светикова төрөлгөн
Орусиянын эстрада ырчысы, актриса Светлана Андреевна Светикова Москва шаарында төрөлгөн. 4 жашынан баштап эле музыкага аралаша баштаган. Алгач немис тилине басым жасаган мектепте окуп, музыкага болгон талантынан улам музыка жана хореографияга басым жасай турган мектепке которулуп, экстерном бүтүргөн. Мектепти аяктаган соң В.И.Ленин атындагы педагогикалык инстутка тапшырып, ал менен катар ага "Notre Dame de Paris" мюзиклинен Эсмеральданын ролу сунушталгандыгы үчүн окуусун таштоого аргасыз болгон. 2006-жылы Москва шаарындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтуна эстрадалык искусство факультетине тапшырып, окууга келбегендиги үчүн окуу жайдан чыгарылып калган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан