27- Ноябрь 2008 -жылы
Кыргыз өлкөсү Кытайдан ташылып келинген сүт азыктарына жана жумурткага убактылуу тыюу салган
2008-жылдын октябрь айында Кытайда сүткө кошулган меламин затынан миңдеген адамдар ууланып, элүүдөн ашык бала көз жумган. Бул чуулгандуу окуя дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салып, бир топ мамлекеттер бул өлкөдөн сүт азыктарын импорттоону токтотушкан. Ага катар Кыргыз өлкөсү дагы Кытайдан чыгарылган сүт азыктары жана жумуртканы сатып алууга тыюу салган. Негизи, коңшу мамлекеттен келген бул азыктарда меламин бар-жоктугун аныктоочу атайын лабораториянын биздин өлкөдө жок болгонуна байланыштуу азыктардын курамын текшерүү мүмкүн эмес болгон.