2- Июнь 1988 -жылы Индиялык актёр жана режиссёр Радж Капур каза болгон
Индиялык атактуу актёр жана режиссёр Радж Капур Делиде 63 жашында астма оорусунан каза болгон.
Индиялык киноактёр, режиссёр, продюсер, сценарист Радж Капур 1924-жылы 14- декабрда Пешаварда туулган. "Индиялык Чарли Чаплин", "индиялык тасмалар атасы", жана "Чыгыштын көк көздүү падышасы" ошондой эле Орусияда "селсаяк жолдош", ал эми Европада "индиялык Пётр I" деген лакап аттар менен белгилүү болгон.
Радж Капур өзүнүн алгачкы ролун 1935-жылы "Революция" тасмасында он бир жашында жараткан.
Ал бала кезинен театр сахнасында ойноп, импровизацияга жөндөмдүүлүгүн, эмоционалдуулугун, темпераменттүүлүгүн көргөзө алган. Бирок анын кыялы кино болгон. Жогорку билим алуудан баш тартып, "Bombay Talkies" студиясында режиссёрдун ассистенти болуп иштеп, практика жүзүндө кинематографисттик адистигин өздөштүргөн. Ошону менен бирге батыштын кинематографиясынын техникалык жетишкендиктерин изилдеген.
1947-жылы бир нече башкы ролду аткарып, алардан тапкан кирешесин өзү "Испепеляющая страсть" аттуу тасмасын жаратып, индиялык кинематографияга жаңылык алып кирген.
1948-жылы өзүнүн "R.K. Films" студиясын ачып, "Сезон дождей" тасмасын тарткан.
1953-жылы "Бродяга" тасмасы Канн фестивалынын негизги катышуучусу болгон. Радж Капурдун тасмалары жалгыз Индиянын эле эмес, Түштүк Азиянын, Ирандын, Түркиянын, араб өлкөлөрүнүн, Кытайдын, Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алган.
1970-жылы Радж Капур "Моё имя Клоун" драматикалык тасманы тарткан. Ал "үй-бүлөлүк" эмес кино болуп индиялык көрүүчүлөр кызыкпай коюшкан соң Капур банкрот болгон. Ал эми 1973-жылы Капур өспүрүмдөрдүн сүйүүсү тууралуу "Бобби" тасмасын тартып, ийгилигин кайтарган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан