26- Ноябрь 1504 -жылы
Испаниянын ханышасы Изабелла Кастильская көз жумган
Легендарлуу башкаруучу аталган Испаниянын ханышасы Изабелла Кастильская 53 жашында көз жумган. Ал өмүрүнүн акыркы жылдары өзүнүн күчүн жоготуп, өзүн жаман сезип, чүнчүп кеткен. Ага төрт кызынын улуусунун каза болушу, кичүү кызынын алыскы Англияда, үчүнчү кызынын Португалияда болгону себеп болгон. Ал эми төртүнчү, баарынан сулуу кызы Хуана акылдан азып кеткени да чоң сокку болгон.