159-Рим Папасы Урбан II Клермондогу собордо мусулмандарга каршы Биринчи кресттик жүрүштүн башталышын жарыялаган. Ал согуштун катышуучуларына күнөөлөрү азаят деп убада берген. Бул кресттик жүрүштү ал византиялык император Алексей Iдин суранычы жана Кичи Азияны селжуктардан коргогонго чыгыш христиандарына жардам берүү максатында жарыялаган.