11- Июнь 1975 -жылы Түштүк кореялык актриса Чхве Чжи У төрөлгөн
Түштүк кореялык актриса Чхве Чжи У Түштүк Кореянын Пхаджу шаарында төрөлгөн. Актриса “Кыш сонатасы”, “Чындык”, “Аэропорт”, "Бейишке карай тепкич" сыяктуу 15тен ашык сериалдарга жана “Азыр жана түбөлүк”, “Ар биринин сыры бар”, “Жашырынууга жай жок” жана башка 10го жакын тасмага тартылган. 2009-жылы “Актрисалар” тасмасында өзүнө арналып жазылган сценарий боюнча роль жараткан. Чхве Чжи У “Эң популярдуу актриса” (Бэксан фестивалы, 2004-жыл), KBS жана SBS телеканалдарынын 2001-2002-2003-жылдарынын эң жогорку наамдарын алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан