18- Февраль 1990 -жылы Түштүк кореялык актриса Пак Шин Хе төрөлгөн
Түштүк кореялык "Сен кереметсиң" сериалында башкы ролдогу каармандын образын жараткан Пак Шин Хе төрөлгөн. 6-классынан тарта түрдүү роликтерге тартылып, карьерасын баштаган актрисага күтүлбөгөн атактуулук "Бейиш дарагы" драмасында жараткан ролдон кийин келет. Бул тасмада жараткан ролуна түрдүү ойлор айтылганы менен, көптөгөн күйөрмандарды чогулткан. Ошондон кийин Пак Шин Хе жарнамалык роликтерге тартылып, Азия компанияларынын жүзүнө айланган. Актриса «Evil Twin» ("Каардуу эгиз"), «The Heirs» ("Мураскерлер") жана башка бир нече сериалдарда ийгиликтүү роль жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан