12- Июль 1970 -жылы Түштүк кореялык актёр Ли Бён Хон туулган

2003-2004-жылдары "Ва Банк" сериалын көрбөгөн киши чанда кездешсе керек. Мына ошол тасмада башкы ролду жараткан Түштүк кореялык актёр Ли Бён Хон 1970-жылы 12-июлда Сеулда төрөлгөн. Актёрдун атасы бизнесмен болгон. Үй-бүлөсүндө Ли Бён Хондон тышкары карындашы Ли Ын Хи дагы коомчулукка таанылып, 1997-жылы "Мисс Корея" титулуна ээ болгон.

Актёр мектепти аяктаган соң, Ханян университетинин француз адабияты адистигин окуп бүтүргөн. Андан соң Чунан университетинин "Театр жана кино" бөлүмүн аяктап, ушул жаатта өзүн табат. Ли Бён Хон “корей толкунун” жараткан “Ва-Банк” сериалынан тышкары "Айрис" сериалына, "Ар кимдин өз сыры бар" ("У каждого есть секреты" 2004), "Ачуу жана таттуу" ("Горечь и сладость" 2005), "Жакшы, жаман жана оорукчан" ("Хороший, плохой, долбанутый" 2008), "Кобранын секириги" ("Бросок кобры" 2009), "Мен азезилди көрдүм" ("Я видел дьявола" 2010) жана башка көптөгөн белгилүү тасмаларда тасмаларында роль жараткан. Ли Бён Хон бир гана актёр эмес, ырчы катары да таанымал.

Актёр 2013-жылы Ли Мин Чжон аттуу актрисага үйлөнүп, экөө 2015-жылы бир уулдуу болушкан.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан