Түштүк кореялык "Мыкты жигиттер" сериалында Гым Чан Динин ролун аткарган актриса Гу Хе Сон Түштүк Кореянын Инчхон шаарында төрөлгөн. Актриса Сеул искусство институтунун радио жана телекөрсөтүү бөлүмүн бүтүргөн. Хе Сон 2004-жылы “Анаграмма” аттуу коркунучтуу фильмге тартылат. Ал эми 2009-жылы тартылган “Мыкты жигиттер” тасмасы ага атак алып келген. Андан сырткары Ку Хе Сон “Падыша жана мен”, “Со Дон”, "Нон-стоп 5" тасмаларында роль жараткан.