29- Август 1972 -жылы Түштүк кореялык актёр Пэ Ёнжун туулган
Түштүк кореялык актёр Пэ Ёнжун Сеулда туулган. Ал Сонгюнгван университетинин Сүрөт искусствосу факультетин бүтүргөн.
Пэ Ёнжун тасмадагы дебютун 1994-жылы баштап, 1999-жылга чейин түрдүү сериалдарга тартылган. Бирок окуусуна байланыштуу убактылуу кино чөйрөсүнөн четтейт. 2002-жылы “Кышкы соната” сериалына тартылып, экранга чыккандан кийин бүт Азияга таанылат. Атак-даңкка бөлөнгөн Пэге чет элден көптөгөн сунуштар түшүп, Кореядан Японияга көчөт. “Кышкы соната” тасмасындагы Кан Жун Сандын ролу аны “Корея толкунунун” башкы фигурасына айланткан.
Пэ Ёнжун “Жаңжал”, “Ата”, “Жупуну жаштык”, “Алгачкы махабат” ж.б. тасмаларында роль жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан