3- Июнь 1972 -жылы
экс-депутат, Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаева төрөлгөн
Экс-депутат, Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаева Ленинград шаарында туулган. 1989-жылы №61-физика-математика мектебин алтын медаль менен аяктаган. Ошол эле жылы Москвадагы мамлекеттик университеттин эсептөө математикасын жана кибернетика факультетине өткөн. 1992-жылы Швейцариянын Лозанна шаарындагы ишкер башкаруу магистри адистиги боюнча Бизнес мектебине өткөн. 1994-жылы магистратураны аяктаган соң БУУга ишке орношкон. 2000-жылдан тартып Швейцариянын "Intracom General Machinery S.A" компаниясында Кыргызстанда иштеген. Ал эми 2003-жылдан тартып Кыргызстандагы "Ага-хан" фондунда эмгектенген.