Орус акыны, XX кылымдагы орус адабиятынын классиги, Орусиянын улуу акындарынын бири Александр Блок Санкт-Петербург шаарында төрөлгөн. Ал Санкт-Петербург шаарында философия жана укук илимдеринин профессорунун үй-бүлөсүндө чоңойгон. 1898-жылы гимназияны аяктап, Санкт-Петербург университетинин юридикалык факультетине тапшырган. Үч жылдан кийин тарых-филологиялык факультетине которулуп, аны 1906-жылы аяктаган.