28- Ноябрь 1939 -жылы баскетбол оюнун ойлоп тапкан канадалык-америкалык окутуучу жана машыктыруучу Жеймс Нейсмит каза тапкан
Баскетбол оюнун ойлоп тапкан канадалык-америкалык окутуучу жана машыктыруучу Жеймс Нейсмит каза тапкан. 
Ал 1861-жылы 6-ноябрда туулган. АКШдагы окуу жайлардын биринде дене тарбиядан сабак берген. Жеймс Нейсмит 1891-жылы кышында студенттерди сыртка чыгарбастан спорттук залдын ичинде топтун жардамы менен ойнотуу үчүн баскетбол оюнун ойлоп тапкан. Машыктыруучунун медициналык жогорку билими болгон.

Расмий катталган алгачкы баскетбол оюну 1891-жылы декабрь айында өткөн. Анда Ж.Нейсмит эки командага 9 кишиден бөлүп, баскетболду футболдун тобу менен ойноткон. Ал эми 1892-жылы баскетбол оюнунун эрежелери тууралуу биринчи китеп жарык көргөн.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан