29- Ноябрь 2010 -жылы
Ош шаарында согушкерлерди кармоо операциясы болуп өткөн
Улуттук коопсуздук кызматынын атайын бөлүгүнүн күчтөрү "өлкөнүн аймагында террордук чабуул уюштурууга даярдык көргөн" деп шектелгендерди кармоо боюнча атайын операция өткөргөн. Операция Ош шаарындагы Мажүрүм-Тал көчөсүндө болгон. Күч органдары "курал катылган" деп шек жараткан үйдү текшергенде үйдөн аскерлерге каршы ок атылган.
Ош шаарынын тургундары дүрбөлөңгө түшүшкөн. Окуя согушчандарды кармоо операциясы экендиги андан кийин гана белгилүү болгон. Натыйжада атайын күчтөрдүн эки кызматкери жараат алып, ооруканага жаткырылган. Операция жыйынтыкталып, куралдуу топтун үч мүчөсү жок кылынып, төртүнчүсү өзүн өзү граната менен жардырып салган.