29- Ноябрь 1966 -жылы
Советтик жана орусиялык актёр Евгений Миронов туулган
Советтик жана орусиялык актёр, Орусиянын Эл артисти, “Мусулман”, “Пираньеге аңчылык” тасмаларынын башкы ролдорун жараткан Евгений Миронов Саратов шаарында туулган. Ал актёрлук карьерасын 1988-жылы Александр Кайдановскийдин "Керосинчинин жубайы" тасмасында роль жаратуу менен баштаган. Ал эми Валерий Тодоровскийдин "Сүйүү" тасмасында башкы каармандын ролун мыкты аткарып, популярдуулукка жеткен. Ал эле эмес ал ролу үчүн көптөгөн сыйлыктарга арзып, 1992-жылдын "Мыкты акёру" аталган.