18 жашында өз өлкөсү ичинде саякаттап, Нью-Йорктогу китепканаларда Теккерей, Диккенс, Эдгар По, Шекспир, Сервантес өңдүү жазуучулардын чыгармаларын окуп, алган маалыматтарын конспектилейт. 1863-жылы биринчи аңгемесин жаратып, анда өзүнүн атын "Mark TWAIN" (кеме сүзүп өтө алуучу суунун деңгээлин түшүндүргөн термин) деп жазган. Ошондон улам жазуучу эл арасында бул лакап аты менен белгилүү боло баштаган. Ар кандай кесиптеги адамдар менен жолугушуусу М.Твенди мыкты жазуучу катары калыптандырган. Ал юмор, сатира, философиялык фантастикага да көп кайрылган. “Том Сойердин укмуштуу окуялары” деген чыгармасы менен атагы чыккан Марк Твен анда балдардын аруу сезими, окуя-саякаттарга ынтызарлыгы, жашоого кумары жана турмушка дилгирлиги тууралуу баяндаган. Ошондой эле жазуучу америкалык саясатчыларды сатира формасында жазып сындаган.
Жазуучунун мындан тышкары "Гекльберри Финндин окуялары", "Алтын кылым", "Миссисипидеги жашоо", "Канзаада жана кедей" жана "Сырдуу бейтааныш адам" аттуу чыгармалары бар. Алардын көпчүлүгү экрандаштырылган. Жазуучу 1910-жылы 21-апрелде 74 жашында көз жумган.