2- Декабрь 1978 -жылы канадалык ырчы Нелли Фуртадо төрөлгөн
Белгилүү канадалык ырчы Нелли Фуртадо Канаданын Виктория шаарында төрөлгөн. Балалыгы ушул шаарда өтүп, атасы кара жумушчу, энеси конок үйлөрдө жалданып иштеген кызматкер болгон. Болочок жылдыз 9 жашында гитара, тромбон аспаптарында кол ойнотуп, 12 жашында биринчи ырын жараткан.

Нелли алдыга койгон максатын багындыруу үчүн 17 жашында Торонто шаарынан жумуш таап, ошол эле учурда трип-хоп тобун түзүп, дуэт ырларын аткарып, клип тарттырууга да жетишет. Бул Фуртадонун чыгармачылыкка таштаган биринчи кадамы болгон. 1990-жылдардын жарымында ырчы музыканын рок жанры менен "ооруп", ушул стилдеги ырларга көбүрөөк басым жасай баштаган. 2000-жылдын сентябрь айында “Whoa Nelli” деген аталышта репертуарындагы биринчи альбомун жаратат. Бул белгилүү ырчыга көп сандаган күйөрмандар менен бирге атак-даңк алып келет. 2001-жылы көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси болуп, популярдуулуктун туу чокусун багындырууга жетишет. 2004-жылы Н.Фуртадонун "Forca" деген ыры Португалиядагы футбол боюнча Европа чемпиондугунун гимни болгон. Ошондой эле ырчы продюсери Тимбалэнд менен бирге "Loose" ырлар жыйнагын чыгарып, дагы да дүйнөгө атагы чыккан. 2010-жылы 12-февралда ырчы Брайан Адамс менен "Bang the Drum" аттуу ырды Ванкувердеги Олимпиада оюндарында ырдаган. Кандай гана жанрда болбосун, Нелли ырлардын сөзүн өзү жазат. 2009-жылы ырчынын испан тилиндеги "Mi Plan" ыр жыйнагы чыгып, андагы "Manos Al Aire", "Más", "Bajo otra luz" ырлары күйөрмандарынын купулуна толгон. Мындан тышкары Н.Фуртадо K’os, Tiesto, N.E.R.D аттуу аткаруучулар менен ырдап, "The Best of Nelly Furtado", "Spirit Indestructible" жыйнактарын чыгарган. Ырчылыктан тышкары Нелли Фуртадону телесериалдардан да көрүүгө болот. 

2003-жылы Нелли Фуртадо жана музыкант Жаспер Геханиянын ортосунда Невис аттуу кызы төрөлгөн. 2 жылдан кийин түгөйлөр ажырашып кетишкен, ал эми 2008-жылы 19-июлда ырчы кубалык үн режиссёр Демасио Кастельонго турмушка чыккан.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан