2- Декабрь 1957 -жылы
польшалык невролог жана психиатр Манфред Закель каза болгон
Шизофренияны дарылоо үчүн шоктук терапияны колдонууну сунуштаган польшалык невролог жана психиатр Манфред Закель каза болгон.
Манфред Закель 1900-жылы 6-июнда төрөлгөн. Шизофренияны бейтаптарды инсулин инъекцияларынын жардамы менен карышууга чейин жеткирип дарылоого аракеттенген. Бул ыкманын кыскача баяндамасы: морфийден көз каранды болгон бейтапты тынчтандыруу үчүн инсулинди көп сайып алган. Бейтап комага түшүп, бирок бейтап комадан чыккан соң психикалык абалы жакшырганы байкалган. Бул ыкма алгач жакшы жыйынтыктарды берген. Бирок инсулиндин таасири көпкө уланбагандыктан, Манфред Закелдин методу бөлөк шоктук ыкмалар менен унутта калган. Бийликке Гитлер келгенден кийин, 1936-жылы Закель Европадан чыгып кетип, өз ишин Гарлемде уланткан.