
Британиялык рок-музыкант, ырчы Оззи Осборн Улуу Британияда туулган. Үй-бүлөсү начар тургандыктан, аны 15 жашында мектептен чыгарып салышкан. Ар кимге жардамдашып акча таап жүргөн. Андан соң уурдап, айып төлөй албай, бир нече убак камакта болгон. Камактан чыккан соң музыкалык карьерасын баштаганга аттанып, "Music Machine" группасынын вокалисти болгон. Кийинчерээк өзүнүн "Earth" тобун негиздеген. Бир нече убак өткөн соң тортун атын "Black Sabbath" атына өзгөрткөн.
Оззи Осборн топтон кеткенден кийин жеке карьерасын баштап, 2010-жылы 100 миллиондон ашык пластинкасын саткан.
1986-жылы "Suicide Solution" ырын уккан бала өзүн өлтүрүп салганы үчүн камакка алынган. "Ырда гипноздоочу үндөр бар, анда элдерди өзүн өзү өлтүрүүгө чакырык жасалат" делген, бирок адвокаттар андай эмес экенин далилдешкен.
21 жашында Тельма Райлиге баш кошуп, эки балалуу болгон. Осборн биринчи аялынан уулун багып алган. 12 жылдан кийин Осборн ажырашып, Шэрон Рейчелге үйлөнгөн. Экөөнүн Эми, Келли, Жека аттуу балдары бар, аялы анын иштери менен алектенет.