4- Декабрь 2009 -жылы орусиялык актёр Вячеслав Тихонов каза болгон
Легендарлуу “Жаздын он жетинчи ирмеми” сериалында Макс Отто фон Штирлицтин ролун жараткан орусиялык актёр Вячеслав Тихонов 1928-жылы 8-февралда Москвада төрөлгөн. 
Вячеслав Тихонов СССРдин Эл артисти, Социалисттик Эмгектин Баатыры, көптөгөн сыйлыктардын лауреаты. 
Тихонов баш-аягы 50дөн ашуун тасмага тартылган. Чет элдик тасмаларды которуу маалында үн коштоочу болуп иштеген. Мисалы, актёр Ален Делондун үнүн дайыма коштогон.
2002-жылдын декабрь айында жүрөгү катуу кармап, инфарктка кабылган, бактыга жараша, ал ооруну жеңип кеткен. 2009-жылы 28-ноябрда жүрөгүнө операция жасалган, бирок актёрдун абалы начарлап, бөйрөктөрү иштебей, 4-декабрда каза болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан