СССРде дүйнөдөгү эң биринчи атомдук муз жаргыч ишке киришкен. Орусиянын Ленинград шаарында дүйнөдөгү эң биринчи "Ленин" аттуу атомдук муз жаргыч кеме ишке киришкен. Ал Түндүк деңиз жолун тейлөөгө жана Арктикадагы экспедициялык сүзүү үчүн курулган.Муз жаргыч кеме 30 жылдын ичинде жалпысынан 654 миң миль аралыкты басып өтүп, анын ичинен 563,6 милди муз аралап өткөн. Ошондой эле 3 миң 741 кемени муз аркылуу алып өткөн. 1989-жылы аталган кеме колдонуудан чыгарылып, Мурманск шаарына түбөлүккө коюлган.