“Тоокканадан качуу” мультфильми аркылуу таанымал болгон британиялык аниматор Николас Парк Англиянын Престон шаарында төрөлгөн.
Николас Парк пластилиндик анимация жанрында эмгектенет. Анын алгачкы тасмасы үйүнүн чатырынын астында 13 жашында тартылган. Шеффилд шаарындагы арт-мектепте, андан соң Кино жана телевидение улуттук мектебинин алдындагы анимациялык студияда окуган. 1985-жылдын февраль айында "Aardman Animations" мультипликациялык студиясына келип режиссёр, аниматор болуп иштеп, жарнамалык түрмөктөрдү, музыкалык видеоклиптерди тартууга катышкан.
"Туура эмес шымдар", "Жаныбарлар дүйнөсүндө", "Нөлгө барабар чач кыркуу" жана "Кубулма коёндун каргышы" деген мультфильмдери үчүн төрт жолу “Оскар” сыйлыгына арзыган.