Арменияда чоң зилзала катталган. Жер астындагы катуу силкинүүлөр жарым мүнөттө өлкөнүн 1 миллион калкы бар түндүк бөлүгүн талкалаган. Эпицентр болгон Спитак шаарында жер титирөөнүн күчү 11,2 баллга жеткен. Кырсыктын кесепетинен 25 миңден ашуун адам курман болуп, 19 миңге жакын адам майыпка айланган. 530 миң адам турак жайсыз калган.
Спитак шаары жана 58 айыл толугу менен кыйроого учураган. Ал эми Ленинакан, Степанаван, Кировакан жана башка 300дөн ашуун калк жашоочу аймак зыян тарткан. 600 чакырым унаа жолу жана 10 чакырым темир жолу жарактан чыгып, 230 өнөр жай ишканасы бузулган.Кырсыктан кыйраган Армения өлкөсүн калыбына келтирүү үчүн 45 миң куруучу иштеген. Жыл сайын 7-декабрда Арменияда бул жер титирөөнүн курмандыктарын эскерип турушат.