7- Декабрь 1598 -жылы
италиялык улуу архитектор жана скульптор Жованни Бернини туулган
Италиялык улуу архитектор жана скульптор, римдик барокконун эң ири өкүлү Жованни Бернини 1598-жылы 7-декабрда Неаполдо туулган. Анын чыгармачылыгы барокко эстетикасынын үлгүсү боло алат.
1680-жылы 28-ноябрда Римде каза болгон.
Бернининин атынан Меркурийдеги кратер аталган жана анын сүрөтү 50 000 итальяндык лирге түшүрүлгөн.