10- Декабрь 2006 -жылы
Чилинин диктатору Аугусто Пиночет каза болгон
Чилинин диктатору Аугусто Пиночет 91 жаш курагында Сантьягодо жүрөк талмасынан каза болгон. Ал каза болгондо миңдеген чилиликтер кубанып, демонстрацияга чыгышкан.
Аугусто Хосе Рамон Пиночет Угарте 1915-жылы 25-ноябрда Чилинин Вальпараисо аттуу шаарында туулган. Ал 1973-жылы кандуу төңкөрүштөн улам бийликке келген. Чилини 1974-1990-жылдары башкарып, диктатор катары көпчүлүктүн эсинде калган.
2006-жылы 90 жаштагы Пиночетке күнөөсүз адамдарды өлтүргөн, 1973-1990-жылдары “Вилла Грималди” деп аталган жашыруун түрмөдө кыйноолорду колдонгон, адам укуктарын тебелеп- тепсеген деп айып коюлуп, үй камагына алынган. Ал убакытка чейин Пиночет ден-соолугунун начар абалына байланыштуу кылмыш жазасынан кутулуп келген.