4- Июнь 1800 -жылы
АКШнын Вашингтон шаарында жайгашкан Ак үйдүн курулушу аяктаган
Америка Кошмо Штаттарынын бийлик резиденциясы эсептелген Вашингтондогу Ак үйдүн курулушу бүтүп, ага президент Жон Адамс үй-бүлөсү менен көчүп келген.
Аталган Ак үйдө АКШны жетектеген баардык президенттер жашап өткөн. Бир гана 1789-1797 жылдары Американы башкарган Жорж Вашингтонду эсепке албаганда.
Ак үй алты кабаттан туруп, чыгыш, жашыл, кызыл, көк деген атайы бөлмөлөрдөн турган. Бул бөлмөлөр президент жана биринчи айым үчүн ылайыкталган жана алар ал жерден расмий жолугушууларды өткөрүп турган.