11- Декабрь 1953 -жылы Советтик жана орусиялык музыкант, сүрөтчү, продюсер, телеалпаруучу Андрей Макаревич туулган
Советтик жана орусиялык музыкант, ырчы, акын, композитор, сүрөтчү, продюсер, телеалпаруучу жана “Машина времени” ырчылар тобунун либери Андрей Макаревич Москва шаарында туулган.
Андрей Макаревич атасынын жетекчилиги менен бала кезинен фортепианодо ойногон. Ал музыкалдык мектептин фортепиано классына тапшырган, бирок кийин таштап салган. 12 жашында Макаревич өзү гитара чертүүнү үйрөнүп, ыр жазган. Ал Булат Окуджава жана Владимир Высоцкийдин ырларына кызыккан.
1966-жылы "The Beatles" тобунун ырларын угуп, өзүнүн кийинки жолун тандаган.
8-класс кезинде "The Kids" ансамблин негиздеп, чет элдик ырларды ырдап чыгышкан. Ал эми 1969-жылы классташтары менен "Машина времени" тобун түзүшкөн.
Андрей Макаревич 1971-жылы Архитектура институтуна тапшырып, 1974-жылы ал жактан чыгарылган.
1979-жылы болсо Росконцерт менен келишим түзүп, тобу менен гастролдорго чыга баштаган. Ал эми 1985-жылы өзүнүн жеке концертин Ленинградда койгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан