
КВНдин “Уральские пельмени” командасынын катышуучусу, комедиялык актёр, орусиялык Сергей Светлаков Екатеринбургда туулган.
Сергей Светлаков Урал Мамлекеттик Университетин аяктаган. Студент кезинде "Рыцарь института" сынагын утуп алып, окуу жайдын КВН командасынын капитаны болгон. КВНде ал 2 жыл ойногон, бул аралыкта ал үчүн КВНде чыгуу биринчи орунда болуп калган. Ал маалда Сергей Светлаков "Уральские пельмени" командасы менен автор катары бирге иштешкен. Кийинчерээк командага кирип, 2000-жылы команда КВН Жогорку лигасынын чемпиону болгон.
Гарик Мартиросян, Семён Слепаков, Артур Тумасян жана Сергей Ершов менен КВН үчүн сценарий жазып жүргөн. Бул чыгармачыл топ Орусияда Comedy Clubды негиздеген.
Светлаков үчүн "Прожекторперисхилтон" телеберүүсүндө Иван Ургант, Александр Цекало жана Гарик Мартиросян менен чогуу иштөө чоң жетишкендик болгон.
2012-жылы ноябрь айында Светлаков Юрмалада эки кабаттуу үйдүн ээси болгон.
Светлаков "Наша Russia", "Наша Russia. Яйца судьбы", "Ёлки", "Ёлки 2", "Джунгли", "Горько!", "Ёлки 3", "Горько! 2" аттуу тасмаларда тартылган.