2 жыл медициналык факультетте окуп, апасынын өлүмүнөн кийин ага бөлүнгөн мурасын алган соң, алдыдагы саякаттарына даярдана баштайт. 5 жыл деңиз иши тууралуу билим алып, 1897-жылы Роальд Амундсен капитандын жардамчысы катары "Бельжик" кемесинде түштүккө экспедицияга жөнөйт. Бул саякаттан Амундсен уюлга жакын аймактардагы катаал шарттар менен таанышып, өз алдынча саякатка чыгууга даяр болот.
1903-жылы өтө чоң эмес "Йоа" кемесин сатып алып, арктикалык экспедицияга жөнөйт. Амундсен 6 досу менен Атлантика океанынан Тынч океанына түндүк-батыш өтмөгүн ачкан. Ал эми 1906-жылы мекенине кайтып келип, "Элдик баатыр" аталган.1911-жылы 19-октябрда саякатчы жана анын командасы Антарктикага экспедицияга жөнөйт. Алар унаа катары иттерге чегилген чананы колдонушкан. Жолдогу ар кандай кыйынчылыктарды жеңип, акыры 1911-жылы 14-декабрда Роальд Амундсен Түштүк уюлга жетип, Норвегиянын желегин орноткон. Ал Антарктикага англиялык Роберт Скоттун экспедициясынан 1 ай мурун жетип барган.