14- Декабрь 2004 -жылы
Дүйнөдөгү эң бийик транспорттук Виадук Мийо көпүрөсү Францияда ачылган
Франциянын түштүк бөлүгүндө жайгашкан бул көпүрөнүн бийиктиги 341 метрди түзсө, узундугу 2460 метр, ал эми туурасы 32 метрге жетет.
Көпүрөнүн долбоорунун авторлору - франциялык инженер Мишель Вирложо жана англиялык архитектор Норман Фостер. Бул көпүрө А75 трассасынын аягы болуп саналып, Париж жана Безье шаарларын бириктирип турат. Көпүрөнүн аркасы менен бул жол Парижден Жер Ортолук деңизге жана Испанияга түз алып барчу, айдоочулардын каражатын үнөмдөөчү жол болуп калган.
Көпүрөнүн курулуш иштери 2001-жылдын 16-октябрында башталып, 38 айга чейин уланган. Жалпысынан куруу иштерине 400 миллион евро сарпталып, ага 120 жылга кепилдик берилген. Көпүрө 2004-жылдын 16-декабрында колдонууга берилип, жол кыймылы үчүн ачылган.