Бала чагында көп ооруп, эрте эле буддизмдин сингон экзотерикалык сектасын өздөштүрө баштаган. Ошондой эле өзү жашаган Кумано районундагы синтоисттик кудайлар жөнүндө окуп чыкан. Ал физикалык көнүгүүлөрдү жасап, ден соолугун бекемдеп, дене түзүлүшүн да жакшы абалга келтирген. Мектепти аяктаган соң Токио шаарына барып, окуу куралдарын сатуучу дүкөн ачкан. Иши жылышпагандыктан кайра өзүнүн туулган жери - Танабеге кайтып келет. Ал жерден тэндзин син-йо-рю чебери Тодзава Токусабуронун күрөш искусствосу боюнча курсуна жазылат. Бир жылдан кийин ягю-синкагэ мектебинин принциптерин өздөштүргөн. 1903-жылы үйлөнүп, аскерге кызмат өтөөгө чакырылган.
1949-жылы Япониянын Билим берүү министри Уэсибага Токиодо мектеп ачууга уруксат берген. Уэсиба көптөгөн адамдарды айкидого үйрөтүп, 1956-жылы бул спортту коомчулукка көрсөткөн. Ал 1969-жылы 26-апрелде боорундагы рактан улам көз жумган.