Венера-7 станциясы жерден 1970-жылы 17-августта Байконур космодромунан учурулуп, планеталар аралык Венера-7 станциясы Венера планетасына биринчи ирет ийгиликтүү конгон. Венеранын бетине 55 км калганда парашют ачылган. Станция Венерага конгон соң планетаны изилдеп маалыматтарды Жерге жиберген. Планетадагы абанын температурасы 25тен 475 °Cге чейин өзгөрөрү белгилүү болгон.