16- Декабрь 1986 -жылы
Казак ССРинин борбору Алматы шаарында Совет өлкөсүнө каршы козголоң чыгып, ал тарыхта “Желтоксан окуясы” деп аталып калган
Казак ССРинин борбору Алматы шаарында Совет өлкөсүнө каршы козголоң чыккан. Алматыда өткөн козголоң Совет мамлекетинин пайдубалына доо кетирип, ага кирген улуттук республикалардын эгемендикке болгон умтулуусу күч алган, ал окуя акыры СССРдин кулашына себеп болгон.
Тарыхта ал окуя – “Желтоксан”, же казактардын Декабрь көтөрүлүшү деп аталып калган. Казак жаштарынын коммунисттик системге каршы уюшулбастан, кокустан козголуп чыгышы адегенде, социалдык маселелерге байланыштуу болгон. 1986-жылдын август айында Совет бийлиги “эмгектен тышкары кирешеге каршы күрөш” деген компанияны баштап, анын бир кесепети Алматы шаарындагы батир берүүчүлөргө жана студенттерге тийген. Күзгү окууга келген казак жаштары батир таппай, алардын көпчүлүгү көчөдө калган. Ага кошумча Москва Казакстан компартиясынын биринчи катчылыгына Г.Колбинди дайындашы, ансыз да чайналып турган жаштардын нааразычылыгын жараткан. Адегенде жаштар “Жашасын лениндик улут саясаты!”, “Ар бир калкка - өз жетекчиси!” деген саясий ураандар менен көчөгө чыгышкан. Декабрь айынын 17-18-күнү демонстранттарды таркатуу үчүн “Метель” аттуу аскер операциясы даярдалып, Алматыга аскер киргизилип адам өмүрү кыйылган алаамат башталган.